Башталыш
Бул жерде эч нерсе болбойт. Бул жерде эч нерсе оңдолбойт, эч нерсе кулатылбайт. Эч кандай жоромол жок. Эч кандай тыянак жок. Бул — бир маал үн болгон сөздөр жибинин бош учу. Бир кезде аалам бою ар кыл жерде, мейкиндиктин бир бурчунда, же балким адамдын элестетүүсүнүн бир бурчунда гана чырмалып жайылган үндөр. Азыр, бул саптар көздөрүңдүн алдынан өтүп жатканда, ал үндөрдүн энергиясы алда качан өчтү — баракта алардын жалаң гана элесинин изи калды. Баары тынчыды. Бардык үндөр, жана балким ал бүтүндөй дүйнө да, анын бардык адамдары да. Мүмкүн, ал үндөрдүн изин барака жазган акыл да алда качан дем алууну токтоткондур. Ушул сүйлөмдү окуп өткөн ошол учур — ал да өттү, — дал ошондой эле китептин бардык учурлары өтүп кетти. Эгер бул жерге жазылып калбаса, дүйнө окуяларынын кайнаган шыбырында жоголуп кетмек болгон учурлар жана сүрөттөр. Алар жазылып калды — менин дүйнөм менен сенин дүйнөңдүн ортосуна көпүрө болсун деп. Менин дүйнөмдөн — ушул сүйлөмдөрдү жазып олтурган учуримден — сенин дүйнөңө — аларды окуп олтурган учуруңа — чейинки көпүрө. Бул жактан мен сөздөр жибин чечемин, ал жактан сен аны чогултасың. Балалыктагыдай — Мамон эски кийимдин жибин чечкенде, биз аны алып үйдү айланып жүрчүбүз, жип чырмашып калбасын деп. Балким сенин муундаш жибдин дүйнөсүнөн бир нече жыл кеч туулгандыр, бирок элестет: бир заманда, дүйнөнүн бир бурчунда, балдар ушинтип ойночу. Азыр мен сөздөр жибин чечемин, ал эми сен аны алып өзүңдүн дүйнөңө апар — бул жерде, менин дүйнөмдө, чырмашып калбасын.